www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамат Айбалаев: «Бүгүнкү абалга бийлик алып келди»

Баткендин чек арасындагы кырдаалдын ушундайга жетүүсүнө бийлик күнөөлүү. Алар кылган иши менен, жасаган саясаты менен ушул абалга алып келди. Мындай пикирин Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев айтты.

«Жергиликтүү эл эмес, бийлик ушундай абалга алып келди. Анан биз катуураак айтсак, суракка алышат. Дипломатиялык жол менен сүйлөшүү керек.

«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы жана анын тегерегиндеги жер кыргыздын жери эле. 2009-жылы Курманбек Бакиев президент болуп турганда Баткенден Исфанага жол салып, Көк-Ташка жеткенде, тажиктер: «Бул сай биздики», — деп чыр чыгарган. Бирок ал жер кыргыздардыкы. Бакиевдин тапшырмасы менен Адахан Мадумаров барып, ал убакта Баткенде Султанбай Айжигитов губернатор эле, «Бул жер тажиктердики», — деп протоколго кол коюп, 49 жылга ижарага алып, кытайларга жол ачып берген. Ал жерди таштап коюп эле Орто-Боздон ары жагынан жол салып кете берсе болмок. «Кийин эмне болот?» — деп ойлогон эмес да. Ошол протоколго кол коюлгандан кийин ал сайдын ички кеңдиги 800 метрге жакын, ошол Мачаиге чейин жерди тажиктер өздөштүрүп алды. Ал жерге миңдеген үй салынып, короолор түшүп, суу башына чейин ээлеп алышты. Кыргыздын жерин!», — дейт Айбалаев.

Баткен районунун Ак-Сай айылында Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында учурда абал туруктуу. Бирок чыңалуу бар. Эки тараптан тең топтолгон жарандар тарай элек.

Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Окуядан жалпы төрт жаран жараат алган, алардын үчөөнө таш тийген, бирөөнө ок тийген. Таш тийген эки жаран Самаркандек аймактык ооруканасына жаткырылган, бирөөсүнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Ок тийген жаран Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости