www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Белгилүү диктор Юрий Левитандан сабак алгам”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Жогорку категориядагы ардагер диктор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Абас Чикеев.

--“Мен диктор кезимде укмуш соонун күндөр көп өттү. Совет убагында дикторлорго аябай жакшы көңүл бурулчу. Себеби, алар ыр, обон, музыка менен чектелбей, саясат, социалдык-экономикалык темаларды окуп, баарын билиши керек эле. Ошол кезде көп мамлекеттерге окууга, тажрыйба алмашууга бардым.

Бир жолу Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстан сыяктуу көп мамлекеттерден дикторлор Россияга окууга бардык. Ошондо СССР убагындагы белгилүү диктор Левитан Юрий Борисович келет деп күтүп калышты. Мен дагы ал адамды жанынан көргөнгө шашып, чыдамсыздык менен күттүм. Келди, абдан кызыктуу жакшы сабак өтүп, басып өткөн жолу, өзүнүн тарыхы тууралуу айтып берди. Сабактары абдан кызыктуу болчу, маектешип эле отургуң келет. Бир жолу сабакка келген. Бирок дикторлор аны тегеректеп, сүрөткө түшүп, бошотпой коюшту. Окуубуз башталбай кечигип жатты. Анан мен эшикти акырын ачып “Говорит Москва! Работают все радиостанции Советского Союза!” десем келип далыман таптап күлүп калды. Юрий Борисович жөнөкөй, адамгерчиликтүү инсан экен. Ал кезде ал 60 жашта, биз аябай жаш болчубуз. Кийин байланышып, кабарлашканга мүмкүнчүлүк болгон жок. Мен ушундай дүйнө элине таанымал инсандардан таалим алганыма абдан сыймыктанам”, - дейт диктор.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости