www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештеги “Ынтымак” фракциясынын башчысы Марлен Маматалиев NDI компаниясынын эсебинен АКШга бара турганы тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу ал жергиликтүү басылмаларга жеке өзү билдирди.

Анын айтымында, кесиптештери менен АКШга виза алуу боюнча сүйлөшүү болгон.

"Буга чейин NDI менен Ошко сапар болгондо мен уюмга АКШга акы төлөнүүчү сапар тууралуу сурагам. Өткөн чакырылыштагы депутаттарда ушундай мүмкүнчүлүк бар болчу. Уюмдан азыр андай программалар жок деп жооп беришкен. Бирок мен баары бир кесиптештериме жумуш сапарына даяр болушу үчүн виза алуу керектигин айттым. Кыязы, Балбак Түлөбаев башкача түшүнүп алган окшойт", - деди Маматалиев.

Ал белгилегендей, парламентте каникул учурунда депутаттар жеке иш сапарларга чыга алышат.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев NDI программасынын алкагында АКШга болгон сапар тууралуу айткан.

Ал белгилегендей, аталган уюм учуу, жатакана чыгымдарын толугу менен өз мойнуна алган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости