www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эске сала кетсек, Алиярбек Абжалиевдин уулунун катышы бар делип жаткан жол кырсыгы 7-июлда таңга жуук Бактуу-Долоноту айылында болгон. «Lexus» жана «BMW Х7» унаалары кагылышып, "Lexsus" автоунаасындагы үч киши ажал тапкан. Бул окуя учурда социалдык тармактарда каттуу талкууга алынууда. “Бул каргашалуу окуяны кырсык деп коёт, “кырсык каш менен кабактын ортосунда” болуп өткөн окуя эч кимдин башына салбасын” деген пикирин акын, Маматкадыр Тиллебаев билдирди.
Урматтуу журналисттер, блогерлер, Алиярбек Абжалиевдин баласы кырсыкка учураптыр деп кечээтен бери тынымсыз ар кандай маалымат тарата баштадыңар. Кыргызда, “кырсык каш-кабактын ортосунда” дейт. Ар бирибизде бала бар. Бирөөнүн башына түшкөн кырсыкты кайра-кайра көбүртүп-жабыртып жарыя кыла бергендин өзү туура эмес. Бирөөнүн кайгысынан упай топтоого аракет кылуунун өзү ошол инсанга абийир алып келбейт.
Жараткан ар бир ата-эненин перзентин бөөдө кырсыктан сактасын. Андан көрө кырсыктан аман калган балдарыбыздын ден-соолугун, өмүрүн кудайдан тилейли.
Үй-бүлөнү, туугандардын жакшылык-жамандыгын саясатка аралаштырбайлы. Үй бүлө, ата-эне, перзент ар бирөөбүз үчүн ыйык.
Кыргыз эли ынтымагыбызды, адамгерчилигибизди,ата-бабабыздан калган айкөлдүк, боорукерлик деген улуу касиетибизди бийик кармайлы. Акыркы күндөрү социалдык тармактарда эки жаатка бөлүнгөн “фейк” кыргыздар көбөйдү. Бул жакшылыкка алып барбайт, мындай кагылышуу уулуу кыргыз элине жарашпайт, - дейт акын Маматкадыр Тиллебаев.
Эске сала кетсек, Алиярбек Абжалиевдин уулунун катышы бар делип жаткан жол кырсыгы 7-июлда таңга жуук Бактуу-Долоноту айылында болгон. «Lexus» жана «BMW Х7» унаалары кагылышып, "Lexsus" автоунаасындагы үч киши ажал тапкан.
Булак: NazarNews.kg