www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арашандын "периштеси" сурактан качты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Тергөө кызматына суракка барбай турганын айтты. Ал ИИМдин Тергөө кызматынын чакыруусуна ылайык, милицияга бүгүн, 9-июлда күбө катары суракка келүүгө тийиш болчу.

Милиция кызматкерлери чакырууну ага кечээ, 8-июлдун кечинде Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылындагы үйүнө жеткирип беришкен.

Чакыруу келгенден кийин Атамбаев өз үйүнүн алдына кайра тарапташтарын чогулта калып, Апрель телеканалынан барган журналисттерге жооп берип жатып, ал суракка баруу ниети жоктугун билдирди. Коркконго кош көрүнөт болуп үйүндө отуруп алып,өзүн кадимки «Жолой баатырмын»деп Форумда Жолой деген баатыр, картайып чал болгон куракта колуна курал алып өзү жоого аттанган деп өзүн баатырга теңеп жатпады беле? Атамбаевди согушка аттан деген киши жок эле, күбө катары чакыртылган суракка анын жанын бирөө сууруп алчудай качып жатканы жанды күйгүзөт.

ИИМдин Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу быйыл жыл башында жанданган кылмыш ишин иликтеп жатат.

25-июнда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу боюнча жеке өзү тапшырма бергенин билдирген.

Бирок, Атамбаев 3- июнда Форумда сүйлөгөн сөзүндө, Батукаев дегенди биринчи угуп жатканын, ага байланыштуу эч кандай тапшырма бербегенин айтып актанганы бар. Ак болсо да, көк болсо да сурактан далилдеп бербейби...

Жунис Бекжанов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости