www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамбетжунус мырза, Убактылуу Өкмөттү башкарган Роза Отунбаева камакта олтурган Ө.Текебаевге мунапыс жарылоо жөнүндө Президент С.Жээнбековго кайрылуу жолдоду. Аны туурап, бирок ушуга чейин тилин тишине катып олтурган Жогорку Кеңештин фракциялары да мунапыс жөнүндө добуш салышты. Айтыңызчы, Сиз ушулардын талабын колдойсузбу же жокпу?

Бул колдоого татыктуу сунуш. Бирок Р.Отунбаеванын кайрылуусунан кийин, мунапыс маселеси төмөндөгү себептер менен саясый куралга айлана баштаганы байкалууда. Эгер андай болбосо, өлкөбүздүн Президенти С.Жээнбеков - мен Ө.Текебаевге мунапыс берүүгө каршы эмесмин деп элге ачык айтып жатса, анда эмне үчүн Р.Отунбаева мунапыс жарыяла деп С. Жээнбековго талап коюп чыкты?

Юристер тастыктап бере алат, Ө.Текебаевге мунапыс жарыялаш үчүн Текебаев өзү же анын үй-бүлөөсү Президентке кайрылса бул маселе жөнөкөй эле чечилерин. Ошондуктан бул маселеде Отунбаеванын кандай тийешеси бар экенин мен түшүнбөй турам. Бул маселени Отунбаева которуш үчүн, ал жок дегенде Текебаев түзгөн партиянын мүчөсү болсо бир аз жөндүүрөк болмок. Эгер Р.Отунбаеванын кайрылуусунда саясат жок болсо, анда эмне үчүн Р. Отунбаева калган саясый туткундарга да мунапыс жарыялоону Президенттен өтүнбөйт же Текебаевден башка камакта олтургандар Р.Отунбаева үчүн саясый туткундар эмеспи? Мисалы, Б.Асанов, К.Кадыров, Э.Карыпбеков, Б.Талгарбековдор коррупция беренеси менен эмес, ошол Отунбаеванын өзүн эл алдында мазактаган Атамбаевге каршы сүйлөгөндөрү үчүн эле бүгүн камакта олтурушат да. Р.Отунбаева убактылуу болсо да өлкөнү башкарган адам катары, ошол камакта жаткан адамдардын баарына бирдей карап, алардын баарына мунапыс берүүнү Президенттен талап кылса, анда анын демилгеси саясый чөйрөдө такыр шек жаратмак эмес.

--Рахмат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости