www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирина Яровая айдоочунун аракетин сынга алып: «ал бейбаштык гана кылбай, баланын ден соолугуна зыян алып келип жатат» деди.

Орусиянын Ленинград облусунун аймагындагы Приозерск шаарында тестиер бала жолдон өтүп бараткан автоунааны оюнчук автоматы менен «аткылап» койгондо, ал артка кайрылып келип баланы кубалап барып сүзүп токтогон окуя тасмага түшүп калган.

Бул окуя социалдык тармактарга кеңири тарап, талкууларды жаратууда.

Орусиянын мамдумасы Башкы прокуратурадан жана Тергөө комитетинен окуяны иликтөөгө алууну тапшырды. Бул токтомдун демилгечиси депутат Ирина Яровая айдоочунун аракетин сынга алып: «ал бейбаштык гана кылбай, баланын ден соолугуна зыян алып келип жатат» деди.

Окуя өткөн аптада болгон. Тасмада эки бала оюнчук куралы менен жолдон ары-бери өткөн унааларды «аткылап» ойноп турушканы тартылган. Ѳтүп бараткан унаалардын бири артка кайрылып келип, балдарды кубалап айдайт дагы, бирөөсүн сүзүп барып токтойт. Айдоочу баланы тизелетип олтургузуп, «куралын» жулуп алып, полиция чакырат.

Тасмага тартылып калган бул окуя коомчулукта кыжырдануу жаратты. Тергөө комитети айдоочуга карата «бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козгогон.

Булак: "bbc.com"

Последние новости