www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда, ЖК депутаты Исхак Масалиев Мамкаттоо кызматына келген жаңы жетекчиге ичи чыкпасын билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиевге, депутат: “Мүмкүн ал адам катары жакшы адамдыр, бирок, интернетте анын бирөөгө жулунуп, сөгүнгөн видеосу жүрөт. Кандай жол менен анф тандап алдыңар? ошончолук эле бул тармакта мыкты адис бекен? Же бирөө атайын дайындадыбы? ” – деп айтты.

“Биздин кесиптешибиз Ысык-Көлдө санариптештирүүдө жакшы кадамдарды жасаган. Атайын адисти койсок деле, иш оңолуп кеткен жок. Андан көрө бул тармакка менеджерди алып келүүнү туура көрдүк”, -деп жооп берди премьер.

Эске салсак, Алмаз Мамбетов ушул жылдын 19-апрелинде Мамлекеттик каттоо кызматына жетекчиликке барган.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости