www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-«Кызыл көйнөкчөн келинди» жазган бульвардык адабияттын өкүлү Чолпонбек Абыкеев коомчулукту эки жолу шок кылды. Кошоматчылык ушунчалык бийиктикке жеткиздиби?

Биринчиси, мамлекеттик катчы болуп, экинчиси, Кыргыз эл жазуучусу наамын алып. Интеллигенцияны атайылап ыйлатышкандай образга кептешти. Таңгаласың.

Башынан элдин назары сынса, татыксыз экенин көпчүлүк айтып жатса, аягы кандай бүтмөк эле? Аныгында, биз болжогондой «картина» уланууда. Чолпонбек Абыкеев иш жүзүндө идеологиянын» «и» тамгасын түшүнбөй, чалынып-чулунуп жатып калыптыр.

Милдетин аткара албай кадр саясатына башын тыгып, сукулдап жатканы эмнеси? «Кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет» дегендей, тойбой жатабы? Ушундай суроолор жаралууда.

Анан калса, жогорку жетекчилик деле Абыкеевдин алы эмнеге жетеринен кабар алганы кубандырды. Адатынча ары-бери урунуп жүргүчө, баштапкы идеологиянын концепциясын президенттик аппараттын бөлүм башчысы Кудайберген Базарбаев жазып салып, уят кылыптыр. Ошону менен иш тамам болууда. Жакында Чолпонбек иштен алынып, чокоюн сүйрөп кетери боюнча каншаар тарады...

Булак: Азия News гезити

Последние новости