www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун үнү делген аудио тууралуу маселе көтөрүлдү.

Депутат Мурадил Мадеминов көз карандысыз экспертиза "аудио жасалма" деп жыйынтык чыгарганын билдирип, Башкы прокуратурадан ишти ачыкка чыгарууну талап кылды.

"Генерал Курсан Асановдун жактоочусу Казакстан менен Орусияда жасалган көз карандысыз экспертизанын жыйынтыгын жарыялады. Эки экспертиза тең Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү жасалма деген тыянак чыккан. Өлкө экономикалык кыйын кырдаалда турат. Мындай кырдаалда парламент, өкмөт, күч түзүмдөрү президент Садыр Жапаровго жардам берелик десек, саясий куугунтукту токтотуш керек".

Депутат аудиону монтаждоого күч органдарын айыптады.

Курсан Асановдун жактоочусу Чынара Жакупбекова 6-октябрда социалдык тармакка тараган Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген аудиону Орусиянын жана Казакстандын эки экспертизасы монтаждалган деп тыянак чыгарып бергенин билдирген.

Ички иштер министрлиги көз карандысыз экспертизанын жыйынтыгы тууралуу маалымат бере элек.

14-сентябрда Ички иштер министрлиги Курсан Асанов "башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп жүргөн" деген шек менен Жазык кодексинин 309-беренесинин ("Бийликти күч менен басып алуу") негизинде шектүү катары кармалганын билдирген.

Анын алдында интернетте Асанов менен Сарыбаевдин телефондон сүйлөшкөнү делген аудио тараган. 15-сентябрда Алмаз Сарыбаев да кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган.

16-сентябрда Асанов Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Ысык-Ата районунун Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө абагына эки айга камалган. Асановдун жактоочулары №50 колонияда өтө оор кылмыш жасагандар отурарын, 2015-жылы абактагылар күзөт кызматкерлерин өлтүрүп качып кеткен окуя ошол жерде болгонун белгилеген.

Асановго буга чейин козголгон үч иш бириктирилип, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралууда.

Быйыл январь айында ага 2020-жылдын октябрындагы окуяларга байланыштуу "Имаратты жана мекемени басып алуу" деген берене боюнча айып тагылган. Анда Курсан Асанов алгач камалып, кийин үй камагына чыгарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости