www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамытов менен кошо вице-спикерлер да кызматтан кетеби?

Бүгүн, 5-октябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматынан кетти. Мамытов өз эрки менен кызматтан кеткенин айткан.

Ал эми депутат Русланбек Жакышов төраганын орун басарларын да кызматтан кетүүгө чакырды.

«Мамытов өз арызын берди, аз иштети бирок так иштеди. Эми өз каалоосу экен, төрага кызматын тапшырып кетти. Мындан улам жанындагы 3 орун басары да кызматын тапшырып, бир команда болуп чоогу келген соң төраганы колдоп бирге кетсеңер туура болот го деп ойлойм. Анан төраганы кетирип коюп калып калган адилеттүү болбой калат го», — деди депутат.

Белгилей кетсек, кызматтан кеткен Мамытовдун ордуна Нурланбек Шакиев менен Азиз Турсунбаев талапкерлиги көрсөтүлөрү айтылууда.

Бирок, азырынча Жогорку Кеңештин төрагасы болууга ким талапкер болгону тууралуу так маалымат бериле элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости