www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Акаев желмогузбу же Рахмонбу?

2015 жылдан бери «Пешво́и милла́т» титулун алган Рахмонду кыргыз медиасы улам-улам өлтүрүп жатат. Ал «Өлбөс Кащей» окшойт кайра тирилип келет. Желмогуз экен ага караганда Аскар Акаевич Талгарбековго окшоп периште эмеспи. «Пешво́и милла́т» титулу кыргызча «Улут лидери» экен. 1952-жылдын 5-октябрында жарык дүйнөгө келген Эмомали Рахмонду Владимир Путин III даражадагы «Мекенге сиңирген эмгеги үчүн» ордени менен сыйлады. Жарлыкта сыйлык “Россия Федерациясы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты чыңдоого, ошондой эле аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоого кошкон чоң жеке салымы үчүн” ыйгарылары белгиленген.

Ал ортодо кыргыз-тажик чек арасында Тажикстандын аскерий агрессиясынан каза болгондордун саны 63кө жеткени белгилүү болду.Расмий Москва бул баскынчылыкты айыптаган жок, бир гана Орусиянын Тышкы иштер министрлиги тараптарды эки өлкөнүн чек арасындагы эскалацияны токтотууга чакырды.

 СССР бөлүнгөн соң 1992-1997 жылдары Тажикстандагы борбордук бийлик менен Бириккен оппозициялык күчтөрдүн ортосунда беш жылга созулган жарандык согуш чыгат. Өлкөнүн экиге бөлүнүү коркунучу жаралып,оор кыйынчылыктар кезде кыргыздар эки тарапты бириктирүү максатында колун сунганына тарых күбө. Бул согуштун чыгышына Тажикстандагы  исламчылар менен  коммунистик элитанын ортосундагы чыр-чатак себеп болгон. Советтик мезгилде Ленинабад облусу (азыркы Согди) бийлик кландарынын мекени болгон. Аларга кызматташ болгон Кулябчылар бийликти негизинен колго алган. Тажикстан эгемендүүлүктү колго алгандан кийин «бадахшандыктар», «гиссарлыктар», «гармчылар» булардан бийлик талаша баштайт. Булар беш жыл боюу биринин канын бири жутушкан. Эки тарап биригип алышы үчүн Кыргызстан да чоң кам көргөн. Согуштун кесепетинен ошол кездеги баа боюнча 10 млрд доллар жок кылынган. Андан тышкары да миллиардаган акча кеткен. 100-150 миңге чейин адамдар курман болгон. Миллионго жакын адамдар үйүнөн ажыраган. 200миңден ашык адамдар качкын статусун алган алардын ичинде Тажик качкындарын тосуп алган Кыргызстан да болгон. Бул жерде оруска каршы согуш болбогону менен бардык слвяндар согуштун айынан көчүп кетишкен. Оору каптап көпчүлүк адамдар жок болгон. Ушундай оор кырдаалдарда Кыргызстан Тажикстанды колдоп келген.

Президент Эмомали Рахмон улуттун ырайымсыз лидери болуп чыкты. Ал 30 жыл мурун, тажик мамлекеттүүлүгү үчүн эң оор мезгилде, ал жакта жарандык согуш жүрүп жаткан кезде, бир тууган мамлекетке саясий, моралдык жана гуманитардык жактан эң чоң жардам жана колдоо көрсөткөн Кыргызстан жана кыргыз эли болгонун унутуп калды.

Ал мындан туура 25 жыл мурун дал Бишкекте жарандык согушка чекит коюп, Тажикстанда бейпил жаратман жашоого шарт түзгөн бириккен тажик оппозициясынын лидерлери менен тил табышканын унутту. Президент Эмомали Рахмонду Кыргызстанга жана кыргыз элине каршы жасаган агрессивдүү аракеттери үчүн Улуу Жараткан жана боордош Тажикстан эли өзү жазалайт деп ишенем. Ал албетте Кыргызстан менен чек ара маселелерин тынчтык, цивилизациялуу жол менен, жалпы таанылган эл аралык эрежелердин негизинде саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр, чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо жолу менен чече алмак. Бирок ал башка, перспективасыз жолду — күч колдонуу жолун тандап алды. Кыргыз эли эки миң жылдан ашык мамлекеттүүлүккө ээ болуп, бул аралыкта тагдырдын алда канча оор сыноолоруна туруштук берип, жеңишке жеткенин унутуп койду.

Ушул жараштырууну уюштурган биринчи президент Аскар Акаев Тажикстандын Кыргызстандын аймагына басып киришине комментарий берди. Анын пикиринде, Тажикстандын чабуулу кокусунан эмес, алдын ала пландалган жана кылдаттык менен даярдалган баскынчылык актынын натыйжасы: «Ата-Мекендин мамлекеттик чек арасын, анын эгемендүүлүгүн коргоодо өз ыйык милдетин аткарууда курман болгон Баткен согушунун баатырларын эскерүүнүн бул кайгылуу күнү, сиздер менен бирге мен да алардын куттуу элесине башымды ийем жана алардын үй-бүлөлөрүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Алардын жаткан жери жайлуу болсун, алардын эрдиктери эл оозунда түбөлүккө сакталат!

Мен, баарыңардай эле, Тажикстандын катардагы аскер бөлүктөрүнүн агрессиясына туруштук берип, аларга татыктуу каршылык көрсөтүп, өз жеринен бир карыш да багынбаган баатыр чек арачыларыбыздын эрдигине жана чеберчилигине суктандым! Кыргызстандын баатыр чек арачыларына рахмат! Албетте, тажик тарап таңуулаган азыркы куралдуу кагылышуу кокусунан эмес. Бул куралдуу чабуул алдын ала пландаштырылган жана кылдаттык менен даярдалган агрессия актысынын натыйжасы болуп саналат.

Биринчиден, ал тажик тараптын буга чейинки куралдуу чабуулдары сыяктуу чек ара маселелерин күч менен чечүү процессин мыйзамдаштыруу үчүн Самаркандда ШКУнун саммитине туш келди.

Экинчиден, оор куралдар – танктар, учактар ​​жана көп ракеталык системалар менен жабдылган чыккынчылык чабуулга армиянын регулярдуу күчтөрүнүн катышуусу Тажикстандын президентинин башкы командачысы Эмомали Рахмондун кабарысыз ишке ашмак эмес.

Үчүнчүдөн, бул өтө аша чапкандык, Кыргызстандын аймагына куралдуу кол салуу жарандык инфраструктураны – мектептерди, фельдшердик-акушердик пункттарды, бала бакчаларды, турак-жайларды жана үй чарбаларын, көпүрөлөрдү жана ирригациялык системаларды жапайычылык менен талкалоо, ошондой эле аларды коркутуу үчүн жергиликтүү калкты чек арага жакын жайгашкан айылдардан жана аймактардан чыгаруу максатында атайылап колдонулган. Анткени, бүткүл дүйнөдө чек араны биринчи кезекте жергиликтүү калк кармаары белгилүү.

Ошондой эле Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан менен чек ара маселелерин аскерий чыр-чатакты козутуп, күчкө салып кысым көрсөтүү жолу менен өзүнүн пайдасына чечүүнү максат кылганы ачыкка чыкты».

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости