www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Улуттук «Манас» театрынын манасчылар жамааты менен Дөөлөт Сыдыковдун «Манас айлы» тууралуу пикир келишпестик жаралды.

Биз, Кыргыз Улуттук «Манас» театрынын манасчылар жамааты Кыргыз Республикасынын Президентинин сайтына «Манастын айылы» маданий этнографиялык комплексинин жери боюнча Президенттин иш башкармалыгы билдирген маалымат менен толук тааныштык, деп социалдык тармакка билдирүү калтырды.

Аталган билдирүүдө, «Буга чейин кабыл алынган чечимге ылайык, учурда «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекстин курулушу башталууда.

«Манастын айылы» маданий этнографиялык комплексинин жер тилкеси Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгына караштуу «Кыргызстройсервис» ишканасына таандык. «Манастын айылы» комплекси жайгашкан жердин 5 сотых тилкеси административдик корпустун аймагын тегиздөө үчүн алынып жатат.

Курулуш иштерин жүргүзүүдөгү тоскоолдукту эске алуу менен «Манастын айылы» менен административдик корпустун ортосундагы темир тосмолор алынууда.

Курулуштун жүрүшүндө «Манастын айылы» маданий этнографиялык комплексинин имараттарына жана объектилерине эч кандай зыян келтирилбейт, мындан тышкары, келечекте «Манастын айылы» маданий-этнографиялык комплексинин аймагын реконструкциялоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү каралууда», - деп жазылган.

Жалпы манасчылар аталган комплекстин аймагын реконструкциялоо жана көрктөндүрүү иштерин колдойбуз, ошол эле учурда Президенттик сайтта жазылган «Комплекстин имараттарына жана объектилерине эч кандай зыян келтирилбейт», - деген официалдуу билдирүүгө  ишенебиз.

Ал эми «Манастын айылы» комплекси жайгашкан «Кыргызстройсервис» ишканасына таандык 5 сотых жер тилкесинин алынып жатышы мамлекеттин жоопкерчилигиндеги иш деп эсептейбиз.

Урматтуу мекендештер, Президенттик сайттагы официалдуу маалыматта «Манаска» каршы же аталган комплексти бузабыз» деген эч кандай сөз жок экен. Андыктан ыгы жок, куру кыйкырык кылбайлы!

«Манас» эпосуна жана манасчыларга камкордук көрүп, жалпы айтуучулук өнөрдүн алып жүрүүчүлөрү үчүн (манасчылар, дастанчылар, төкмө акындар) «Манас» театрын түзүп, болгондо дагы «улуттук» деген бийик даража берип, туш тараптан колдоого алып жаткан мамлекеттик жетекчилер андай жолго барбайт деп ишенебиз.

Эгерде, «Манастын айылы» тарыхый комплексинин имараттарын жана объектилерин бузуп баштаса, эч нерсеге карабай, эң ириде биз каршы чыкмакпыз.

Андыктан, ар бир ишти акыл калчап, талдап, калыс чечим чыгарып, бардык иштин чын-төгүнү аныкталганча сабырдуу болууга чакырабыз», - деген аты аталган жамаат.

Манасчы Дөөлөт Сыдыков алардын билдирүүсүн четке кагып, Manas Teatry, Aziz Biymyrza Uulu мен силерге болгон окуяны айтып бердим го Кудай, арбак турат, деп ызы-чуу тууралуу токтолгон.

Биринчиден, бул чуу мыйзамсыз эле короо - тосмолорду талкалап киргенден башталган, бир кагазы жок эле Манас айылына зордоп кирген.

Экинчиден, эми гана беш сотых эле  жер деген сөздөрү түштөн кийин гана айтылып жатат.  Башында өтө чоң жерди алабыз деп жатышкан.

Үчүнчүдөн, Марат Турсунбеков менен Дамир Асылбек уулунун кордугун, зордугун ошол жердеги эл көрдү жана мыйзамсыз иштери менен туура эмес кылышты. Курулуш иштерин ушул кишилер жетектеп көзөмөлгө алып жатканын кандай түшүнсөк болот?

Эртең Манас театрынын имаратына ар кимдин атын жамынган, белгисиз адам келсе, имарат меники десе бересиңерби?! Же мыйзамдуу документ сурайсынарбы? Ал жерге жооптуу болгон соң коргоо керек да.

Чын бышыгы аныкталбай келип, Иш башкармалык эми тактап калыптырбы, буга чейин Иш башкармалыктын жетекчиси Тилек Баатырканов иш күндүн планында эле ачыктап, тактабайт беле? Манастын айылынын жарымына чейин ээлеп башка курулуш түшүрүү үчүн долбоор чийип алгандарын эмне дейт экен?

Батырканов комплекске келем, көрөлү деп дагы келбей коюп жүрдү эле күттүрүп. Эми болсо актангандай 5 сотых болуп калганы күлкүлүү. Азиз иним, Манасчылык ак жолдо, так жолдо болуш керек. Болсоң калыс бол, болбосо унчукпа! Манас дүйнөсүнө, Манасчыларга шек келтиресиң!

Бул кайрылуу менен мени калпычы кылып коюпсунар. Мен айтаар элем, ушинтип Манасчы болгонуң уят! Манастын арбагы карап турат! «Манастын айылы» маанилүүбү же Марат Турсунбеков менен Дамир Асылбек уулунун мыйзамсыз иштери маанилүүбү?», - деп билдирген манасчы Сыдыков.

Буга чейин президенттин иш башкармалыгы «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексинин жери боюнча түшүндүрмө берип, «Манас айылынын» имараттарына жана объектилерине эч кандай зыян келтирилбей турганын, келечекте комплекстин аймагын реконструкциялоо жана көрктөндүрүү планы бар экенин билдирген.

Эске салсак, Бишкектеги «Манас айылынын» башчысы Дөөлөт Сыдыков маданий-этнографиялык комплекстин жерин белгисиз топ басып алууга аракет кылып жатканын билдирип, өлкө жетекчилерине кайрылган. Бул маселе Жогорку Кеңештин 14-апрелдеги жыйынында да көтөрүлгөн.

Ушул тапта «Манас айылы» комплексинин абалы начар. Аны куруу иштери 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоого карата башталган.

 Булак:NazarNews.kg 

Последние новости