www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин иш башкармалыгы "Манас айылы" маданий этнографиялык комплексинин жери боюнча комментарий берди, - деп маалымдайт президенттин басма сзөз кызматы.

Маалыматта айтылгандай, буга чейин кабыл алынган чечимге ылайык, учурда "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекстин курулушу башталууда.

"Манас айылы" маданий этнографиялык комплексинин жер тилкеси КР президентинин иш башкармалыгына караштуу “Кыргызстройсервис” ишканасына таандык.

“Манас айылы" комплекси жайгашкан жердин 5 сотых тилкеси административдик корпустун аймагын тегиздөө үчүн алынып жатат.

Курулуш иштеринин жүргүзүүдөгү тоскоолдукту эске алуу менен “Манас айылы менен административдик корпустун ортосундагы темир тосмолор алынууда.

Курулуштун жүрүшүндө "Манас айылы" маданий этнографиялык комплексинин имараттарына жана объектилерине эч кандай зыян келтирилбейт. Мындан тышкары, келечекте "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексинин аймагын реконструкциялоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү каралууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости