www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаевдин ден-соолугу начар экени айтылды

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев ден-соолугу начар экенин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда отурум башталарга чейин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“Мен эч качан арыздангым келбейт. Бирок азыркы диагнозум начар. Дарыгерим деле билет. Мен деле шал болгум келбейт. Ошон үчүн бул жерге отурбай атам. Булар болсо мени шал болуп жатып калса дешет. Мен жатып калсам да күрөшөм”, - деди Атамбаев.

Мурдагы президенттин жактоочусу Замир Жоошев Алмазбек Атамбаевдин кан басымы көтөрүлүп кетип “Тез жардам” чакыртылганын кабарлады.

Атамбаев бул жолу Бишкектин Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушу жана түркиялыктарга Кыргызстандын жарандыгын берүү боюнча кылмыш иштерине байланыштуу соттук отурумга алынып келинген. Бирок жараянга катышпай турганын билдирип, айнек тосмону тепкилегендиктан, сот анын катышуусуз өткөнү калды.

Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна байланыштуу Алмазбек Атамбаевге “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган. Бул кылмыш иши Атамбаев 2016-жылы түркиялык 10 атуулга Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз берген деген шек менен козголгон ишке бириктирилген.

Мектептин курулушунда коррупция болгон деген негизде Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматовго жана Албек Ибраимовго да кылмыш иши козголгон. Бул иш боюнча 2019-жылы Ленин райондук соту өкүм чыгарып, Кубанычбек Кулматовго 5 миллион сом айып салып, камактан бошоткон.

Ал эми Албек Ибраимов мектеп курулушундагы коррупция жана “Дастан” ишканасындагы каражатты коромжу кылганы, муниципалдык жерди берүүдөгү жемкорлук боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга кесилген. Ал 2020-жылдагы Октябрь окуясында абактан чыгып ошол бойдон издөөдө жүрөт.

2020-жылы 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Атамбаевди “Батукаевдин иши” боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл, эки айга абакка кескен.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевге Кой-Таш, Октябрь окуялары жана мындан тышкары кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча да айып коюлган.

Атамбаев өзү жана тарапташтары коюлган кинелерди саясий куугунтук деп баалап келет.

Последние новости