www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манас Осмон:

"Туран" турушу менен "утопия". Ал ишке ашкан чакта деле биздин колу бутубузду бууйт. Күч оойт. Мындай пикирин журналист Манас Осмон билдирди.

"Орустар менен Украиндер согушкандан бери тарыхтын чаң баскан бурчунда жаткан Пантүркизм идеологиясын бирөөлөр алып чыгып, айрым жеңил ойлууларга сунуштап жатат. 

Түпкүлүгүндө бул бир капкан. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн айрым шовинисттери муну дени карды соо идеология катары көрүп жатышы мүмкүн. Эгер бул чолок идеология колдоо тапса, биздей жарым-жылаңач өлкөлөргө кыйын болот. Балким, НАТОнун эң көп аскерине ээ Түркия үчүн жакшыдыр. Расмий Анкара дүйнөгө мушун кезеп атканда аркасында заты жок болсо да, "Туран" бирлигинин турушу анын душмандарын чочутат. 6-7 өлкөнүн башы бириккен уюмга чүлүк салуу Түркиянын пайдасына, азырынча, биздикине эмес. Борбор-Азиянын кожоюндугуна талапкер Казакстан үчүн деле бул керексиз нерсе. 

Бирок, Европалыктар болбой эле түрк биримдигин түзүү аракетинде. Ал үчүн Украинада "Туран" батальонун түздүрүп, кыргыз жигитти анын башчылыгына дайындап коюшту. Азыр эч ким чотун какпай, региондун тынчтыгын ойлобой, үлкөн мамлекеттердин тузагына түшүп берип жатат. Борбор Азиянын тектеш өлкөлөрү державалардын тирешинде жанчылып калбашы керек. "Туран" турушу менен "утопия". Ал ишке ашкан чакта деле биздин колу бутубузду бууйт. 
Күч оойт. Жакынкы кылымда Борбор Азия өлкөлөрүнүн тиреши башталат. Тирешүүлөрдө бышып, жетилип, региондогу таасирибизди сактап калышыбыз керек. 
Ага абал, калк өзү даярдык көрөт. Окуйт, билимин өркүндөтөт, аң-сезимине төңкөрүш жасайт, улут катары калыптанат. Бүгүнкүдөй пас, кыял-жоругу бузук, тарбиясыз жана билимсиз абалы менен бир жөөк өйдөлөй албайт.

Дүйнөдөгү үлкөн өлкөлөрдүн тиреши тиштүү тегирменге окшойт. Колуңду салсаң бүткүл денеңди жулдурасың. Андыктан, тарап тутуунун эң жакшысы - тарапсыз болуу. Муну дипломатияда "калыстык" деп жүрүшөт", - деди Манас Осмон.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости