www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Kia Sorento үлгүсүндөгү унаанын катышуусундагы кырсыктан жабыркагандардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Бул тууралуу тез жардам кызматы билдирди.

Эки кыз ооруканага жаткырылды — алардын бири айдоочу (2004-жылы туулган), экинчиси (2003-жылы туулган) жүргүнчү болгон.

«Алардын мээси чайкалып, ар кандай сыныктар бар. Бүгүн экспертиза жасайбыз. Орточо оордуктун абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп айтууга болот», - дешти тез жардам кызматынан.

Эскерте кетсек, 21-январда Kia Sorento унаасы жарнак конструкциясынын таянычын сүзгөн. Натыйжада унаа экиге бөлүнүп калган. Салондо төрт жүргүнчү болгон - үч кыз жана бир жигит. 2000-жылы туулган жигит жана кыз каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости