www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Уу коргошун илгертен бери элдик медицинада бар нерсе да, негизи ушундай демилгени колдоого алышыбыз керек», - деди бүгүн, 19-апрелде NazarNews маалымат агенттигине журналист Манас Осмон.

- Министр түз эфирде уу коргошун ичип, элди торуп жаткан илдетти уу коргошун менен дарыласа болоорун, өз каалоосу менен ичкен 300 киши айыкканын билдирди. Уу коргошун COVID-19ду жеңүүгө салым кошооруна ишенесизби?

- Бул өсүмдүк микропторду жана вирустарды өлтүрөт экен. COVİD-19 бир тумоо вирусу да. Уу коргошун илгертен бери элдик медицинада бар нерсе да. Маселе, ишенип ишенбегенде эмес. Ушундай демилгени колдоого алышыбыз керек!

- Бирок, айрымдар министрдин ал аракетин шылдыңдап, апендичилик катары кабыл алып жатышат го?

- Министрди шылдыңдаган менен маселе чечилмек беле? Эгер ал сунуштап, чын эле таасири болуп атса, ойлонуп көрүш керек го!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости