www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Жоржия штатындагы океанариумда азиялык кундуздардан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Facebookтагы «Georgia Aquarium» баракчасында айтылат.

Алгач кундуздардан респиратордук инфекциянын белгилери: чүчкүрүү, мурун бүтүү жана алсыздык байкалган. Кээ бирлери жөтөлүп баштаган.

Кундуздар коронавирусту илдеттин жеңил түрү менен ооруган океанариумдун кызматкеринен жуктурушканы болжолдонууда. Себеби океанариумдагы айбанаттар кардарлар менен түз байланышта болушпайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости