www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында унаа айдап качканга шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-апрелде болжол менен саат 03:43 чамасында 102 кызматына Көк-Жар кичи районунан унааны мыйзамсыз айдап кетти деген маалымат келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 206-беренеси "автотранспорт каражаттарын айдап качуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда болжол менен саат 03:20 чамасында Гольф-3 үлгүсүндөгү унааны белгисиз жарандар мыйзамсыз айдап кеткендиги аныкталган.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш изи сууй электе Достоевский көчөсүнөн айдап бара жаткан жеринен кылмышка шектүү катары 17,16 жаштагы балдар кармалып, Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости