www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда Central Consultant консультациялык компаниясы тарабынан подрядчик тандоо жана курулушту көзөмөлдөө үчүн долбоордук-сметалык документтерди, тендердик документтерди даярдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

«Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу» долбоору Ош-Баткен-Исфана жолунун транвспорттук потенциалын жана коопсуздугун жогорулатууга, ошондой эле Бишкек-Ош жол тилкесиндеги жаратылыш кырсыктарынын тобокелдигин кыскартууга багытталган.

Белгилесек, долбоор Ош, Жалал-Абад облустарында ишке ашырылат жана эки компонентти карайт:

1) Ош-Баткен-Исфана автожол тилкесин реабилитациялоо, 28-75 км (47 км);

2) Бишкек-Ош жол тилкесиндеги жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу.

Учурда Central Consultant консультациялык компаниясы тарабынан подрядчик тандоо жана курулушту көзөмөлдөө үчүн долбоордук-сметалык документтерди, тендердик документтерди даярдоо иштери жүрүүдө. Коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу аталган долбоорду ишке ашырууда айрым кармалуулар болгон.

Жакын арада тендердик документтерди макулдашуу процесси жыйынтыкталып, подрядчикти тандоо башталат. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь-октябрь айына карата подрядчик тандалып, куруу иштери башталат.

Белгилей кетсек, долбоордун ишке ашырылышы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Мариповдун жеке көзмөлүндө турат.

«Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу» долбоорунун донору болуп Япония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) саналат.

Кредиттин суммасы – 11,915 млрд. япон йени (болжол менен 116.47 млн. АКШ долл.), мамлекеттик бюджеттен 1,727 млрд. япон йени (болжол менен 16,88 млн. АКШ долл.) бөлүнөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости