www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Манас шаарындагы №13 Р. Азимбаев атындагы жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев объект менен таанышуу учурунда билдирди.
Мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, 2026-жылдын март айында башталган. Учурда имаратта курулуш-монтаждоо, фасадды жана ички бөлүктөрүн жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Жаңы мектеп 530 окуучуга ылайыкталган. Анын жалпы аянты 2 846 чарчы метрди түзөт.
Окуу жайда заманбап класстар, лабораториялар, китепкана, ашкана, медициналык кабинет, жыйындар залы, эмгекке үйрөтүү кабинети жана спорт залы болот.
Министр Нурдан Орунтаев жаңы мектептерде Президенттин тапшырмасы менен күн панелдерин орнотуу каралып жатканын белгиледи. Бул энергияны үнөмдөөчү заманбап технологияларды билим берүү объектилерине киргизүүгө багытталган.
Мектеп жаңы окуу жылында пайдаланууга берилери күтүлүүдө.