www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын Украинага жасаган түнкү чабуулу маалында бир дрон Румыниянын, дагы бири Молдованын аба мейкиндигине кирген.
Румыниянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, дрон Галац шаарына жакын жерден чек араны кесип өтүп, эл жашабаган аймакка кулап түшкөн. Окуядан жабыркагандар болгон эмес.
Молдова бийлиги дагы бир дрон Украинанын аймагынан кирип, Гагаузиянын Этулия аймагынын үстүнөн учуп өткөнүн билдирди. Алты мүнөттөн кийин кайра Украинаны көздөй чыгып кеткен.
Румыния абалды көзөмөлдөө үчүн испаниялык эки F-18 истребителин жана аскердик тик учакты абага көтөргөн.