www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Манастагы» коррупция качан токтойт?

«Убагында «Манас» аэропортунун жетекчилиги баасы 2 млн долларга турган «бытовое питание» оборудованиесин 12 млн долларга сатып алыптыр. Баягыда Өмүрбек Текебаев айтса, актандыңар эле. Мен ЖКдагы аттуу баштуу инсандардан сурап көрсө Венада ал аппаратты 3 млн долларга сунуштаган экен. Эмне үчүн 2 млн доллар турган нерсени 12 миллионго сатып алышкан?», – деп сдпкчы депутат Рыскелди Момбеков маселени кабыргасынан койду. Деги эле аталган «Манас» аба майданындагы коррупцияны ким тыят? Бул бизге кокусунан билинип калган фактылардын бири, ал эми бизге билинбей тымызын эмне деген контрабандалык иштер жүрүп жатат? Эмне себептен бийлик бул жаатта чечкиндүү кадамдарды жасабай, кайдыгер мамиле кылууда. Кимдин кызыкчылыгы күч болууда?

Булак: "Ачык Саясат"

Последние новости