www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери мүмкүнчүлүгү чектелгендердин коляскасына муктаж болуп жатканы тууралуу жергиликтүү маалымат булактарынын бирине чыккан кабарды окуган өлкө башчыбыз АлмазбекАтамбаев карыяга жардам көрсөттү. Бул тууралуу, президенттик аппараттын маалымат бөлүмүнөн кабарлашты. Анда айтылгандай, президенттин тапшырмасы менен Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев ардагер Турумбек карыяга колясканы жеткирип берген.

Эске салсак, Бүгүн 28-апрелде эртең менен жергиликтүү маалымат булактарынын бирине Гульнара аттуу окурман Улуу Ата Мекендик согушка катышкан кайын атасы Турумбек Садыковго майыптык коляска зарыл экенин жазып чыккан. Анда айтылгандай, 93 жашка келген ардагер карыя учурда сыркоолоп, өз алдынча баса албай калгандыктан аны жолдошу (экинчи группадагы майып) жонуна көтөрүп жүрүүгө мажбур болууда деп билдирген. Анын маалымдашынча, жергиликтүү бийликке көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылышканда, алардан кезек күткүлө деген жооп болгон. Жолдошу 2240 сом пенсия алгандыктан колясканы сатып алууга чамалары чак келбесин кошумчалаган.

Мына замандаш, айрым аткаминерлер ушундай учурларды айттырбай өзүлөрү эле эске ала жүрүшсө жакшы болмок. Же эмне аталган шаардын жергиликтүү бийлиги ушул бир коляска маселесин чече албайбы? Өзү Кыргызстан боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун болгону 647 ардагери калды. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ар биринин кандай кем-карчысы бар экенин сурап, керектүү жардамды кезексиз көрсөтүп турууга чамасы жетпейби? Кезинде фашисттик кара күч менен кашык каны калгыча күрөшүп, бизге жаркын жашоону тартуулаган ардагерлерибиз кезексиз жардам алууга татыктуу го, акыры. Өлкө башчыбыз бул кабарды көрбөй, окубай калса жардамга муктаж болуп жаткан каарманыбыз дале кезек күтүп, көрүнгөнгө көзүн жылтыратып жүрө бермек экен да…

Булак: "Egemen.kg"

Последние новости