www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажик тараптан кол салгандардын арасында ооган жарандары, экстремисттер жүрдү, алар кыргыз аскерлерин мыкаачылык менен өлтүргөн фактылар бар. Бул туурасында Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

Анын айтымында, чек арачылар, анын ичинде элди эвакуациялап жаткан ӨКМ кызматкеринин сөөгү кордолгон.

"Сөөктү кордоп, мууздап, кулактарын кесип... Буга чейин мындай мыкаачылыкты көргөн эмеспиз. Бул согуштук аракеттерге экстремисттик-террордук уюмдардын өкүлдөрү катышкан белгилер бар. Сакалчан, жөнөкөй кийинип курал көтөрүп жүргөндөрдүн бирөө Ооганстандын жараны экенин ошол өлкөнүн бийлиги тастыктады. Андыктан кол салган тараптан экстремисттик-террордук уюмдардын өкүлдөрү, башка өлкөдөн жалданып келген адамдар катышты деп айта алабыз", — деди Иманкулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости