www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы каралууда. Көпчүлүк коалиция тарабынан премьер-министрликке талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан Улукбек Марипов эл өкүлдөрүнүн алдында сөз сүйлөдү.

Анын айтымында, сунушталып жаткан өкмөттүн курамы депутаттардын колдоосун тапса, анда жоопкерчиликти толук моюнга алып, кечиктирилгис иш-аракеттерди көрүүгө даяр.

"Менин премьер-министрлик кызматка талапкерлигимди көрсөткөн көпчүлүк коалицияга ыраазычылык билдирем. Урматтуу депутаттар, сиздердин карооңуздарга өкмөттүн иштеринин негизгибагыттарын, түзүмүн жана курамын сунуштап жатабыз. Албетте, Жогорку Кеңеш колдоп берсе, жаңы өкмөт жоопкерчиликти мойнуна алып, кечиктирилгис иш-аракеттерди аткарууну жүзөгө ашырып баштайт.

Биз жаңыча иштөөгө, жаңыча ой жүгүртүүгө баарыбыз даяр болушубуз керек. Өлкөбүздө узак мөөнөткө өнүгүүгө карай жакшы шарт түзүлдү. Сидер тараптан пикирлер, сунуштар болсо кабыл алууга даярбыз. Биз программабызды өнүгүүнүн негизги багыты деп атадык. Акыркы 10 жылдыкта өлкөбүздүн экономикасы жылына 3 жарым-4 пайызды көрсөтүп жатты. Бул албетте начар көрүнүш. Бюджеттин тартыштыгы 30 миллиард сомго жакындады. Бул бир гана пандемиянын кесепети эмес, бул башкаруу системасынын начар экенинен дагы кабар берет.

Эң оболу ички дүң продукциянын көлөмүн кескин көбөйтүү, жакырчылыктын деңгээлин кыскартып, ар бир жарандын кирешесин, орточо айлык акысын, пенсиясын көтөрүү, билим алуу, медициналык тейлөө сапаттарын жакшыртуу биздин негизги багыттарыбыз болуп саналат. Мындан сырткары пандемия көрсөткөндөй, азык-түлүк коопсуздугун түзүү, инвестиццияларды тартуу да маанилүү маселе", - деди Марипов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости