www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-февралда Бишкек шаарындагы маалымат жыйында айыл чарба министринин милдетин аткарып келген Тилек Токтогазиев чек арада көптөгөн маселелер бар экенин билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө контрабанданын көлөмү 1 млрд сомго чейин жетет.

«Унду улпак же азык-түлүктүн башка түрү катары катташкандыктан бюджетке акча келип түшпөйт», - деди Токтогазиев.

Ал көп жылдардан бери иштеп келген контрабанданын схемалары бар экенин, анын командасы ошолор менен күрөшкөнүн айтты.

«Биз түшүнүп жатабыз, депутаттык корпуста биз жолтоо болгон белгилүү бир күчтөр бар. Биз бул жакка белгилүү бир адамдарга жана саясий күчтөргө кызмат кылууга келген эмеспиз. Биз элге кызмат кылуу үчүн келгенбиз. Мен 100 күн бою өз ишибизди жоопкерчиликтүү жана таза аткардык деп айта алам», - деди Токтогазиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости