www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Конгресстин Өкүлдөр палатасынын тышкы иштер боюнча комитетинде өткөн угууларда Россиянын президенти Владимир Путинди «аскерий кылмышкер» деп атагандан баш тартты, деп кабарлайт «Адырна» басылмасынын кабарчысы.

Сенаттагы угууларда Мамлекеттик департаменттин чыгымдарын кыскартуу, президент Дональд Трамптын чет элдик өнөктөштөрү менен болгон мамилеси жана Вашингтондун Украинадагы жаңжалды жөнгө салууга катышуусу тууралуу маселелер көтөрүлдү.

Угуунун экинчи саатында сенатор Билл Китинг Рубиодон: «Россиянын президентин аскерий кылмышкер деп эсептейсизби?» — деп сурады.

«Болуп өткөн окуяларга карап, аларды аскерий кылмыштар деп мүнөздөсө болот, бирок биздин максатыбыз — согушту токтотуу. Бирок биз аны Путин менен сүйлөшпөй токтото албайбыз», — деди АКШнын мамлекеттик катчысы.

Бул жооптон кийин Китинг Рубиону суроодон качып, убакытты текке кетирип жатат деп айыптады.

Эске сала кетсек, 2022-жылы Россия менен Украина ортосунда жаңжал башталганда Марко Рубио Флорида штатынан шайланган сенатор жана Сенаттагы чалгындоо комитетинин төрагасынын орун басары болгон. Ал АКШ Украинаны колдоого милдеттүү экенин айтып, Владимир Путинди «аскерий кылмышкер» деп атаган. Мындай билдирүүлөрдү АКШнын мурдагы президенти Жо Байден да жасаган.

Последние новости