www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Корумду чокусунда каза болгон эки альпинисттин өздүгү туугандары тарабынан тастыкталды.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, каза болгондор 43 жаштагы Беларус жараны Максим Полянский жана 37 жаштагы Литва жараны Сергей Рубцов болуп чыкты.
Маалыматка караганда, алардын сөөгү учурда Ош шаарындагы өлүкканада сакталууда. Жакынкы күндөрү мекенине жөнөтүү пландалууда.
Топтун үчүнчү мүчөсү — 60 жаштагы Беларус жараны Николай Свиридов азырынча табыла элек.
Эске салсак, Беларус жарандары Максим Полянский (43 жашта) менен Николай Свиридов (60 жашта) жана Литва жараны Сергей Рубцов (37 жашта) 2-августта Корумду чокусун ийгиликтүү багындырышкан. 4-августта алар базалык лагерге түшүүнү башташы керек болчу, бирок белгиленген убакта байланышка чыккан эмес. Андан кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен ыктыярчылар издөө-куткаруу иштерин баштаган. Бирок аба ырайынын начардыгы издөө иштерин кыйла татаалдаштырып, баалуу убакыт текке кеткен.
Корумду чокусу Ленин чокусунун чыгыш тарабында жайгашкан. Ал Кыргызстандын, Тажикстандын жана Кытайдын чек арасында орун алган Чоң-Алай тоо кыркасындагы бийик тоо чокусу болуп саналат. Бул тоо массиви кууш кырка тоолору, учтуу аскалуу чокулары жана тик капталдарга түшүп турган мөңгүлөрү менен мүнөздөлөт.
2001-жылга чейин Корумду чокусуна ар кайсы өлкөлөрдөн келген экспедициялар бир нече жолу чыгууга аракет кылышкан, бирок ийгиликке жетишкен эмес. Чокуга алгачкы жолу Кыргызстандын альпинисттер командасы Александр Губаевдин жетекчилиги алдында 2001-жылдын 12-октябрында ийгиликтүү чыккан. Маршрут түндүк кыр аркылуу өтүп, чокунун бийиктиги 6 миң 96 метрди түзөт.