www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 22-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Өмүрбек Текебаев менен Кубан Чороев тарабынан жарык көргөн «Династия · Металл · Ат» аттуу эмгектин бет ачарына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарада депутаттар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар, тарыхчылар, изилдөөчүлөр жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү болду.
Аземде сөз сүйлөгөн Төрага жаңы эмгектин Евразиянын байыркы тарыхын, көчмөн цивилизациянын калыптанышын жана анын адамзат тарыхындагы ордун изилдөөдөгү маанисине токтолду.
«Кылымдар бою дүйнөлүк тарыхнаамада цивилизация түшүнүгү көбүнчө отурукташкан жашоо образы, шаарлар, дыйканчылык жана жазма маданият менен байланыштырылып келген. Ал эми бул эмгекте адамзат тарыхындагы цивилизациялык өнүгүүнүн өз алдынча “көчмөн жолу” болгондугу тууралуу концепция сунушталып жатат. Бул биздин тарыхыбызды тереңирээк таанып-билүү үчүн өзгөчө мааниге ээ», – деген Төрага эмгектин авторлоруна ыраазычылык билдирди.
Эскерте кетсек, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Медербек Алиев, Акылбек Түмөнбаев, Мирлан Жеенчороев, Камила Талиева, Таалайбек Масабиров жана Айбек Алтынбеков катышты.