www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү ырчы Айтурган Эрмекованын жолдошу каза болду. Бул тууралуу ырчы бүгүн таң эрте социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

«Жаныыыым, неге мени таштап кеттиң? “Күчтүүсүң” дедиңби…» — деп жазган ырчы.

Жолдошунун эмнеден улам каза болгону азырынча белгисиз.

Айтурган Эрмекова жеке жашоосун күйөрмандары менен ачык бөлүшүп келген. Жолдошу экөө социалдык тармактарга бактылуу көз ирмемдерин байма-бай жарыялап, кол кармашып, ынтымактуу жашап келишкен.

Күйөрмандары ырчыга көңүл айтып, «сонун жубайлар элеңер, силерге көз тийди окшойт» деген сыяктуу пикирлерин калтырып жатышат.

Белгилей кетсек, ырчы жакында эле кош бойлуу экенин, төртүнчү наристесин күтүп жатканын сүйүнчүлөгөн.

Последние новости