www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 30-июлда Ички иштер министрлигинин колдоосу алдында “Биргеликте адам сатууну токтотобуз” аттуу 100 күндүк маалымат өнөктүгү башталды. Бул тууралу бүгүн, 30-июлда маалымат жыйында ИИМдин Криминалдык милиция башкармалыгынын башчысы Марлис Жумабаев билдирди.
Кыргызстанда жыл башынан бери адам сатуу боюнча 5 факты катталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда маалымат жыйында Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматы башкармалыгынын башчысы Марлис Жумабаев билдирди.
Анын айтымында, 4 факты боюнча сотко чейин өндүрүш жүрүп жатат, 1 факты курамында кылмыш белгисинин жоктугуна байланыштуу токтотулган.
“2020-жылы республика боюнча адам сатуунун 15 фактысы катталган, анын ичинен 7 кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, соттук инстанцияларда каралууда. Калгандары боюнча өндүрүш уланууда”, - деди ал.
Ал КР Кылмыш кодексинин 171-беренесинде каралган кылмыштар мамлекеттик айыптоо категориясына кирерин белгиледи.
“Адам сатуунун курмандыгы болуп калган адамдарга мамиле кылууда көбүнчө объективдүү жана субъективдүү факторлор бар. Объективдүү факторлорго укук коргоо органдарына, уюмдарга ишенбөөчүлүк, субъективдүүлүгү жеке коркуу, жарандардын коомдук резонансты жаратып алуудан тартынуусу.
Адам сатуунун курмандыгы болуп калган адамдарга мамиле кылууда көбүнчө объективдүү жана субъективдүү факторлор бар. Объективдүү факторлорго укук коргоо органдарына, уюмдарга ишенбөөчүлүк, субъективдүү жеке коркуу, жарандардын тартынчаактыгы, ал коомдук реакцияны албашы мүмкүн. Ушундай факторлордун айынан биздин жарандар көбүнчө укук коргоо органдарынан алыстоого аракет кылышат жана кылмыштын бул категориясы жашыруун кылмыштар категориясына кирет. Бул укук коргоо органдары тарабынан катталбаган кылмыштардын категориясы”, - дейт Жумабаев.
Ошондой эле ал көпчүлүк учуда кыргызстандыктар Казакстан жана Россияда эмгек кулчулугунун курмандыгы болушарын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg