www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан адам сатуунун жана анын транзитинин өлкөсү бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди. 

Анын маалыматы боюнча, бара турган негизги өлкөлөр БАЭ, Түркия, Россия жана Казакстан. 

--"Акыркы жалдары Кыргызстан адам сатууну алдын алуу жана күрөшүү боюнча ишмердүүлүктө өзүнүн милдеттенмесин далилдеди. АКШнын Мамлекеттик департаментинин жылдык отчетундагы Кыргыз Республикасынын үч жылдык мезгилинен кийин экинчи топко кайтып келгендиги буга далил. Республикада адам сатуунун курмандыктарына эл аралык уюмдардын долбоорлору аркылуу да, мамлекеттик социалдык буйрутманын алкагында да жардам көрсөтүү боюнча белгилүү бир тажрыйба топтолгон”, - деди ал.

Анын айтымында, учурда зомбулукка жана адам сатууга кабылгандарга убактылуу баш калкалоочу жай берилип, реаблитациялык, юридикалык, социалдык жардамдар көрсөтүлүүдө.

Солтобекова Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги адам сатууга каршы күрөшүү боюнча бардык өнөктөштөр жана жарандык коом менен биргеликте башталган демилмгелерди жана иш-чараларды улантат деп белгиледи.

Эскерте кетсек, 2013-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы 30-июлду Бүткүл дүйнөлүк адам сатууга каршы күрөшүү кунудеп жарыялаган. Аталган күндүн негизги максаты адам сатуунун курмандыктарынын абалын, алардын укуктарын илгерилитүүгө жана коргоого багытталган маалымдуулукту жогорулатуу болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости