www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мароккодогу жер титирөөдөн жабыркагандардын саны эки миңден ашканын Al Arabiya өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянуу менен билдирди.

"Мароккодогу күчтүү жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2012ге жетти... Жаракат алгандардын саны 2059га жетти, анын ичинде 1404 адамдын абалы оор", — деп айтылат телеканалдын билдирүүсүндө.

Марокконун Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, эң чоң чыгым шаар четинде болгон. Марокколуктар өздөрү социалдык тармактарга имараттар урандыга жана чаңга айланган видеолорду жайгаштырышууда.

Эске салсак, Марракештен 80 чакырым алыстыкта ​​күчү 6,9 баллга жеткен жер титирөө болгон. Андан кийин күчү 4,8, 3,4, 3,2 жана 3,3 баллга жеткен дагы бир нече жер титирөө катталган.

Сейсмологдор жер титирөөдөн кийинки силкинүүлөр жакынкы бир нече саат, атүгүл бир нече күн ичинде болушу мүмкүн экенин айтышууда.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости