www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы өзгөчө шыктуу балдардын президенттик “Акылман” лицейине пландан тышкары барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка караганда, мамлекет башчы лицейдин окуучулары менен маек куруп, алардын окуу программасы, жетишкендиктери жана келечек пландары тууралуу кызыкты. 

Ал лицейде көрсөтүлгөн билим деңгээлин жана таланттарын жогору баалап, окуучуларды өнүгүүсүн улантууга жана жаңы бийиктиктерге умтулууга үндөдү.

Колдоонун жана мотивациянын символу катары Садыр Жапаровдун атынан лицейдин ар бир окуучусуна окуу процессин жеңилдетүү жана өзүнүн потенциалын ачууга көмөк көрсөтүү максатында планшеттер берилди. 

Ошол эле учурда Мамлекет башчысы мындан ары окуунун жүрүшүндө алынган билим өлкөнүн жана коомдун жыргалчылыгы үчүн багытталышы керектигин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости