www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шоу бизнес - чуу бизнес дейбиз... Анын түпкүрүндө чоң бизнес жана терең интрига да бар. Ырчылар кандай маанайда болбосун эл алдында күлүп жайнап ырдап чыккандары үчүн алардын сахна артындагы кылыктары элге белгисиз бойдон кала берет. Бул рубрикада коомчуулукка жарыяланбаган бүйүр кызыткан кызыктарды, ачык окуялар менен бөлүшүп турабыз.

Бүгүн мени көп ойго салган жаңы муундун ырчылары менен УТРКнын ортосундагы мамилелерин козгогум келди. Жаңы муундун ырчылары Кыргызстанда популярдуулуктун туу чокусуна жетип, алардын ысымдары Орто Азия эле эмес океандын аркы жээгине да жетүүдө. Алардын катарын Ulukmanapo, Bakr, Jax, Nel (02.14), Freeman 996 толуктайт. Бул ырчылардын чыгармачылыгы күндөн күнгө өркүндөп, теле эмес, социалдык тармак аркылуу популярдуулукка жетип жаткандарын далилдеп жүрүшөт.

Аталган ырчылардын “УТРК”, “Музыка” телеканалдарына маек берип, түрдүү майрамдык сьемкаларына катышкандарын ал эле эмес клиптерин бергенин эч эле көрбөйбүз. Мунун себеби эмнеде? УТРК жаңы муундун өкүлдөрүн колдобойбу же ички саясатына туура келбейби деген ой келди. Бирок, жок... Телеканалдар ырчылардын клиптерин сурап, маектерге, сьемкаларга чакырып турушат экен. Бирок, учурдун жылдыздары дароо баш тартып, клиптерин жеке каналдарына гана чыгарууга макулдук беришет экен.

Жаштардын жаңы агымынын мындай саясаты кандай чыкты? Кайдан пайда болду? Алардын максаттары эмнеде же түбөлүк ушул калыпта калышаар бекен? Айтор, түшүнүксүз...

Баса, мен атап өткөн ырчылардын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен иши да жок экен.

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости