www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча соттук иште тараптардын жарыш сөзү аяктады. Айыпкер Марс Бөдөшев сотто акыркы сөзүн айтып жатып 4-майдагы ала качууну моюнуна алган жок. Андан тышкары кырсык болгон 27-майда да кыздын өзү менен сүйлөшүп алып кеткенин айтты.

Ал эми досу Акмат Сейитовдун ишин судьядан жакшылап карап берүүнү суранды. Сейитов өзү соттон акыйкат чечим чыгарууну жана ишти кайра тергөөгө жиберүүнү өтүндү.

Ишти Бишкек шаардык Свердлов райондук соту карап жатат. 10-декабрдагы жараянда прокурор айыпкер Марс Бөдөшевге Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (“Ала качуу”) жана 97-беренеси (“Киши өлтүрүү”), ал эми Акмат Сейитовго Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси (“Кылмыш кылууга көмөк көрсөткөн”) боюнча айып койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости