www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясий серепчи Марс Сариев менен Кыргызстандагы айрым саясий жагдайлар боюнча оюн уктук.

-Марс агай, Россия менен түзүлгөн келишим, макулдашуулар кайсы мамлекет үчүн пайдалуу болду? Андан ким утуп, ким утулду?

-Путиндин келиши менен орустар өзүнүн максатына жетти. Авиа базаны 60 гектарга чоңойтушту. Кыргызстанга пайдалуу жери канттагы авиабазанын арендасы көбөйдү.  Бир канча меморандум менен келишимдерге кол коюлду. Бирок, анын баарын ишке ашырыш үчүн Кыргызстан Россия менен бирдиктүү саясат  жүргүзүшү керек. Ошондуктан, ал меморандумдар азырынча кагаз жүзүндө эле турат. Эки тарапка тең утуш болду. Бирок, көбүнчөсү Россия алдыга койгон максаттарына жетти. Эгер биз активдүү саясатка өтсөк, даяр долбоорлорду сунуштасак, өзбекстандай болуп, мындан да чоң каражаттарга келишим түзүлмөк. Бизде ал жагынан анчалык аракеттер болбогон үчүн аларга салыштырмалуу азыраак каражат бөлүнө турган болуп калды. Эгер меморандумдар ишке кирсе, буюрса заводдор ачылат.

 -Россиянын алдыңкы университеттеринин филиалдары ачылса, контракт төлөгөн студенттердин эсебинен жан баккан окуу жайларга студенттер барбай калбайбы?

-Бишкекте МГУнун филиалы ачылса жакшы эле болот. Окуу жайлар арасында атаандаштык күчөйт. Билим берүүнүн сапаты жакшырат. Анткени, көпчүлүк университеттерде жетишерлик билим берилбейт деген да суроо жараткан маселелер бар. Менимче, АУЦА, Түрк университеттериндей болуп, МГУ билимди жакшы берет деген ойдомун.

-Атамбаевсиз КСДП кыймылы съезд өткөрдү. Алар көздөгөн максатына жеттиби?

-“Атамбаевсыз КСДП” кыймылынын максаты ишке ашпай калганы үчүн Асылбек Жээнбеков да партиядан чыкканын жар салды. Партиянын съезди өттү деп, Адилет министрлигинен  катталаарын айтып,  лидер шайлашканы менен алар партиянын жүгүн тарта алышпайт. Башкача айтканда, КСДП Атамбаевдин партиясы бойдон эле калды. Ал КСДПны тарттырып жибербей сактап калды. Эми партиясын тазалап парламенттик шайлоого барат. Бийликтегилер болсо, “Замандашка” окшогон партиялар  менен шайлоого барууга даярданат. Бирок,  КСДПны алсыратуунун аракети да күч алат. Башкача айтканда  КСДПнын тагдыры Коммунисттик партиянын тагдырындай  бөлүп жарууга  туш болот.

-Эреже боюнча партиядан чыккандар фракциядан кошо чыгыш керекпи?

-Башта ошондой болчу. Партиядан чыккандар фракциядан дагы чыгып, эркин депутат болчу. Азыр ал норма барбы жокпу билбейм.   Анткени, Иса Өмүркулов деле партиядан чыкканы менен фракция лидери болуп жүрөт го. Асылбек Жээнбеков деле партиядан чыкканы менен фракцияда депутаттык ишмердүүлүгүн уланта берет  окшойт.

-Атамбаевдин оппозицияга кеткени, оппозиция күчтөнүп, бийликти чочулашына, саясаттын башка нукка бурулушуна  шарт түзүшү мүмкүнбү?

-Мен ойлойм Атамбаев оппозицияга өтүп, партиясын тазаласа Кыргызстанга эле жакшы болот. Бирок, тышкы оюнчулардын тилине кирип, төңкөрүш кылам дегенден алыс болуп, алардын  куралына айланбашы керек.

-Не үчүн финполиция Раим миллиондун мүлкүн эсептеп бүтө албай жатат?

-Анткени, азыркы бийликке да каражат, анан аларды колдогон эл керек. Ал бул дегенибиз менен Раим миллиондун түштүктө колдогондор көп. Ошондуктан ага карата жаман пикир жарата албай тилектештик кылып, катуу кетпей жатышкандай. Себеби, жогору жактагылар шайлоо алдында  түштүктү колго ала турган адамдан да айрылгысы келбейт. Эгер ага каршы иш баштала турган болсо, бийлик түштүктөгү электоратынан айрылып калышы мүмкүн. Ошон үчүн эмне кылаарын билбей орто жолдо турат. Бирок, ошол эле маалда кандай чечим чыгарат экен, алар менен тил табышып кетсе, Атамбаев айткан туура болуп калабы дегендер да бар. Ошон үчүн  аны актай же каралай албаган кызыктай абалда  турушат. 

Чынайым Кутманалиева, Ачык саясат

Последние новости