www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Марс мырза, Атамбаевдин бийликке жасаган атакасына кандай көз карашыңызды билдиресиз?

– Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн акыркы жыйындагы сөзүндө учурдагы президент Сооронбай Жээнбековго ачуу сындарын айтты. Бул Батукаев боюнча козголуп, улам казылып териштирилип жаткан иштерден улам болсо керек. Бул абалга биринчи болуп атаканы баштоону Атамбаев чечип, ал чечиминин арты менен өз пикирин айтып чыкты. Кандайдыр бир деңгээлде бул көрүнүш абалды курчутат.

– Ушунча элди чогултуп алып, «колхоз башкарып калды», «Кокон хандыгы башкарып жатат» деген далили жок сөздөрдү келтиргендин өзү туурабы?

– Түндүк менен түштүктү бөлүп-жарган бир топ чагымчыл сөздөрдү айтты. Мен анын артында шумдуктуудай потенциалы же колдоочусу бар деп айта албайм. Арты туман… Жээнбековду бийликке өзү алып келди. Президенттик шайлоо болуп жаткан күнү Өмүрбек Бабановду каралап сүйлөп, Жээнбековду бийликке алып келүүгө болгон күч аракетин жумшады. Эми ал моралдык жактан мындай сөздөрдү айтууга укугу жок. Атамбаевдин бул кылыгы өлкөгө башаламандык алып келбейт. Бирок, Кыргызстандын инвестициялык климатына терс таасирин тийгизери белгилүү. Биздин бул абалды көрүп, түшүнгөн инвесторлор өлкөгө акча салуудан кача баштайт. Кыймылдагы чоң ишкерлер дагы терс бурулушу мүмкүн. Экс-президенттин кылыгы биздин экономикалык абалыбызды төмөндөтөт. Бул экономикалык жагы боюнча көз карашым. Ал эми саясый жагы тууралуу айтсак, мыйзам алдында баары териштирилип, баары жооп бериши керек да…

Булак: «АЗИЯnews»

Последние новости