www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери борбор калаадагы кичи автобустардын биринде аялдарга жана жашы жете элек кызга ыдык көрсөткөн шектүүнү издеп жатат, бул тууралуу окуянын күбөсү социалдык тармактарга жазып чыккан. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

«Факты Октябрь районунун ИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Милиция кызматкерлери шектүүнүн жүргөн жерин аныктоого жана кармоого багытталган бардык зарыл болгон тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө», - деп билдиришти.

Эске салсак, буга чейин окуянын күбөсү жана жабырлануучулардын бири шаардагы №164 кичи автобустун жүргүнчүлөрүнө белгисиз адам сексуалдык ыдык көрсөткөндүгү тууралуу билдиришкен. Анын айтымында, ал Москва жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен транспортко түшкөн. Жолдо келе жатып аялдарга жабышып, жыныстык органын сүйкөгөн, анын ичинде 13-14 жаштагы кыз да бар.

Окуянын күбөсү ызы-чуу салганда белгисиз адам Ахунбаев менен Молдокулова көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамадан түшүп калган. Ал анын артынан ээрчип, фото жана видеого тартууга жетишкен.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости