www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия жана анын досу аталган Казакстан ар дайым байланышта, алар тараптан Москвага каршы санкцияларды колдоо боюнча азырынча эч кандай чечимдер кабыл алынган жок. Бул туурасында РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.

Казакстандын Финансы министрлиги өз өлкөсүнөн Орусияга чыгарылып жаткан товарларды каттоого алуу эрежеси тууралуу долбоор иштеп чыкты. Анда санкциянын тизмесине киргизилген товарларды экспорттоого тыюу салуу нормасы камтылган.

"Азырынча эч кандай чечим кабыл алынган жок. Тескерисинче, биздин өз ара кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүү, сырттан келип жаткан чакырыктарга биргеликте чара көрүү жана кастарын тиккен өлкөлөрдүн тийгизген кесепетин азайтуу ниетибиз бар. Азырынча ушуга таянып турабыз", — деди Песков.

Ал эми "Казакстан Орусия үчүн дос өлкө бойдон калабы?" деген суроого "албетте, бул талашсыз" деп жооп берди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости