www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Нукустагы башаламандык чет элдик күчтөр тарабынан жылдап даярдалганын билдирди. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

"Албетте, бул иш-чаралар бир күндө же он күндө уюштурулган эмес. Бул акцияларды чет элдик күчтөр жылдап даярдап келишкен. Алардын негизги максаты — Өзбекстандын аймактык бүтүндүгүнө кол салуу жана улуттар аралык жаңжалды болтуруу", — деп президент айтканын маалымат кызматы таратты.

Мирзиёев учурда тергөө тобу окуяларды иликтеп жатканын, бирок бул процесске коомчулуктун өкүлдөрү, депутаттар жана жарандык активисттер да тартылышы керектигин белгилеген.

Президент укук коргоо органдарынын иш-аракеттери да кылдат талданышы керектигин, эгерде алар мыйзамсыз күч колдонсо, жоопко тартылышы тийиш экенин кошумчалаган.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өткөн жумада Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн референдум өткөрүүнү сунуштаган. Июндун соңунда мыйзам долбоору элдик талкууга коюлган.

Парламенттин чечими боюнча, долбоор 4-июлга чейин жалпы элдик талкууга коюлат да, андан соң референдумга алып чыгышат. Демилгеде Баш мыйзамдын 64-беренесине 200 өзгөртүү киргизүү каралган. Каракалпакстан Конституцияда референдумдун негизинде өлкөнүн аймагынан чыгып кете алган суверендүү республика катары каралган. Конституциялык реформада бул жобону алып салуу туурасында айтылган. Сунушталган өзгөртүүлөрдүн ичинде Өзбекстан президентинин ыйгарым укугун бештен жети жылга чейин узартуу, өлүм жазасына, жаранды башка мамлекетке өткөрүп берүүгө тыюу салуу сыяктуу учурлар бар.

Буга нааразы болгон миңдеген адам 1-июлда Нукус шаарында митингге чыгышкан. Ал эми 2-июлда Шавкат Мирзиёев кайра Конституциянын Каракалпакстандын суверендүүлүгүнө тийиштүү беренесине өзгөртүү киргизбөөнү сунуштаган.

Бул окуядан кийин Каракалпакстанда өзгөчө абал режими жарыяланды. Ал 2-августка чейин созулмакчы.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости