www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маскачан ырчылардын максаты эмне?

Кыргыз шоу-бизнесинде бир мезгилде Тата Улан аттуу маскачан ырчы мырза чыгып, көпчүлүктү кызыктырган эле. Андан көп узабай Индира аттуу өзгөчө ырларды маска кийип аткарган ырчы айым пайда болду. Бул ырчылардын маска кийип ырдоонун максаты эмне деген суроо ар бирибизде жашаса керек. Бул суроого биз жооп издеп көрдүк.

Тата Улан: “Эл мени тааныбашын, автограф сурабашын каалап, кайсы жерде болбосун өзүмдү ээн-эркин алып жүргүм келет. Маска- өзүмдүн жашоомду коргоочу курал болуп саналат” десе, Индира: “Окшоштуктан алыстап, шоу-бизнеске бир аз да болсо жаңылык киргизүүнү кааладым. Жашоодо башка Индира, сахнада башка Индира болгум келет. Ырларым да сүйүү эмес, өзгөчө тематикадагы ырлар” деп билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости