www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык соту массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган деп айыпталган активисттердин баш коргоо чарасына байланыштуу арыздарды кароодо.

Экс-депутаттар Асия Сасыкбаева менен Равшан Жеенбековдун кармалышынын мыйзамдуулугу каралып жатканда активист Өндүрүш Токтонасыров пикетке чыкты. Ал «Асияга, Ритага, Гүлнарага, Перизатка эркиндик» жана «Көз каранды сот жоюлсун» деген жазуулары бар баннерлерди көтөрүп чыкты.

Төрагалык кылуучу судья Мирад Динеев активистке эскертүү берип, ал соттун имаратынын сыртындагы митингге чыга аларын айтты.

Эске салсак, 2022-жылдын 22-октябрында Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлүп, анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде: Кемпир-Абаддагы митингдердин, жөө жүрүштөрдүн артында кимдер турганы боюнча бийликте маалымат бар экенин билдирген.

23-октябрда массалык камакка алуулар башталып, башаламандыкка даярданган деген айып менен 26 адам кармалган.

Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Кыйноого каршы дүйнөлүк уюм (OMCT), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR), Freedom Now сыяктуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары жана башкалар , Кыргызстанда камакка алынган саясатчыларды жана активисттерди тез арада бошотууга чакырган билдирүү таратты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости