www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаардык сотунда «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган мурдагы депутат Асия Сасыкбаеванын жана укук коргоочу Рита Карасартованын кармалышынын мыйзамдуулугу каралып, райондук соттун чечими өзгөртүүсүз калтырылды.
Буга чейин Биринчи май райондук соту аларды 20-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.
23-октябрда Ички иштер министрлиги тарабынан 20 дан ашуун саясатчы жана жарандык активист кармалган. Мындан сырткары Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган болсо, жарандык активист Тилекмат Куреновго издөө жарыяланган.
Бүгүн ошондой эле шаардык сотто активисттер Улугбек Маматаев, Эрлан Бекчоро уулу, саясатчы Равшан Жээнбеков, Канат Исаевдин баш коргоо чарасы каралат.
Булак: NazarNews.kg