www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Свердлов районунун акимиаты тарабынан 40 орундуу баш калкалоочу жай уюштурулду. Бул тууралуу Руслан Бекназаров билдирди.

"Бул мезгилде үй-жайсыз жарандарга минималдуу социалдык кызмат көрсөтүү максатында, Свердлов районунун акимиаты тарабынан 40 орундуу баш калкалоочу жай уюштурулган. Убактылуу баш калкалоочу жай мурунку жашылдандыруу комбинатынын аймагында Фере, 34А дарегинде жайгашкан. Имаратта косметикалык оңдоо, терезелерди айнектөө, электр жарыгын оңдоо, керебеттерди оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Төшөнчүлөр (матрастар, жууркандар, жаздыктар, жаздык каптар, жана шейшептер) сатылып алынды.

Муктаж болгондор өздөрү баш калкалоочу жайга келе алышат же аларды укук коргоо кызматкерлери жана тез жардам кызматкерлери жеткиришет. Жардамга муктаж үй-жайсыз адамдарды көрсөңүз дароо 102 (милиция) жана 103 (тез жардам) телефондоруна чалыңыз", - деп билдирди Бекназаров.

Кайрылуучулар бир жолку ысык тамак менен камсыз болушат, зарыл медициналык жардам системалуу түрдө көрсөтүлөт.

Маалымат үчүн телефон: 360335, 0706 168877, Мамаев Эркин - Свердлов районунун социалдык тейлөө секторунун башкы адиси.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости