www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүштү. Сүйлөшүү Пезешкиандын демилгеси менен уюштурулган.

Пезешкиан Иран Түркияга ракета уруу менен кол салганы тууралуу айтылган маалыматтарды четке какты. Ал Тегерандын аймактагы чыңалууну азайтууга умтулуп жатканын, Түркияга карата эч кандай сокку жасалбаганын белгиледи. Ошондой эле Анкарага окуяларды иликтөө үчүн биргелешкен тергөө тобун түзүүгө даяр экенин билдирген.

Эрдоган болсо, Анкаранын Иран менен кагылышууга умтулбаганын баса белгиледи жана азыркы кырдаалда дипломатиялык жолдорду ачык сактоо мурдагыдан да маанилүү экенин кошумчалады.

Сүйлөшүү учурунда тараптар аймактагы коопсуздук абалын жана чыңалуунун күчөшүнө жол бербөөчү мүмкүн болгон кадамдарды талкуулашты.

Последние новости