www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул тууралуу Президент Садыр Жапаровдун пресс-катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
- “Кызматка дайындалганына бир ай боло электе эмнеге иштен кетирип жатышат? Бул жогорку кадрдык саясаттагы башаламандыктын белгисиби?” дегендер болушу мүмкүн.
Жаңы министрдин кызматтан кетирилишинин себеби, ал министрдин орун басары кызматында иштеп турганда пара алган деп шектелүүдө.
Аталган министрликтин бөлүм кызматкерин кызматынан жогорулатуу үчүн 2025-жылдын жай айларында пара талап кылган. Кызматкер айтылган сумманын жарымын ал кездеги ӨКМ министринин орун басары У. Шамыркановдун электрондук капчыгына которуп бергенин айткан.
Шамырканов министр болуп дайындалгандан кийин, айтылган сумманын калган жарымын бере албастыгын билдирген соң, анын айтымында, министр кызматкерди Баткендеги бөлүмгө которуп жиберген.
Баткенге которулган кызматкер Президент Садыр Жапаровго арыз менен кайрылган.
Мамлекет башчысы арызда келтирилген дооматтарды териштирүү тапшырмасын Башкы прокуратурага берген. Көзөмөлдөөчү орган арызда айтылгандар тастыкталганын билдирген.
Ушуга байланыштуу, Президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамыркановду ээлеген кызматынан бошотуу чечимин кабыл алды.
Бул окуя “кыңыр иш кырк жылда билинет” деген сөздүн айкын мисалынын бири. Азыр кыңыр иштер кырк жылда эмес, кырк эле күндө билинген заман. Андыктан башка мамлекеттик кызматкерлерге бул чоң сабак болушу керек.
Кимдир бирөөнүн ушул сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге барганы билинип калса өлкө жетекчилиги “жаңы эле министр кылып дайындап алдык эле же жогорку кызматка коюп алдык эле, эми бул жалпы бийликтин аброюна шек келтирбейби” деп аларга көз жуумп койбойт. Бүгүнкүдөй эле чечкиндүү кадамдар жасалат, -деп айтылат Алагөзов жазган билдирүүдө.