www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улукбек Ормонов, Раим Матраимовдор элге жакшылык кылып жатат. Ушул кезге чейин Алмазбек Атамбаев атасы Шаршенге элди чакырып куран окутту деген кеп жок. Окутпаса койсун, илгери ал президент кезинде айт күнү  Чүйдүн губернатору айтылуу трайбалист Кеңеш Кулматовдун улуу Кубанычбек Кулматов барат. Албетте, Кубанычбек мырза илгери Кыргызстандын прокурорунун орун басары болуп туруп, Токмоктогу “мафиянын” ана башы  Бостоновду колдогон апасы Сакен Кыдыралиевадан тарбия алып чоңоюп, өз эне тили кыргызча билбей өскөн. Кыргызча билбегени менен эл бата кылса, бата кылганды билет. Анан айт күнү кошоматчылыгы ойноп кетип, ал кездеги президент Атамбаевге Арашанга барат, атасына куран окуп койойун деп. Атамбаев чыкпайт, үйүнө кире албай турса, бука өтүп баратыптыр. Анан элдин көзүнчө таң калат: “ Эй, “сискасы” жок да уй болобу?” –деп. Жөн киши айтса унчукпайт элек, килтейген айыл чарбалуу Чүй облусунун губернатору Кубаныч Кулматов буканы “сискасы” жок уй экен дегенде ыйлагың келет. Ушундай кадрлар элди башкарчу.

Ал мезгилде Ош Бажысын тейлеп турган Раим Матраимов көзү өтүп кеткен атасына жыл сайын куран окутуп турчу. Ал эмес президент Атамбаев балким мамлекеттик иштер менен бара албайбы, балким аны “Атанбай” деген арак менен коноктоп колу бошобой калдыбы, Матраимов куран окуткан жерге өзү барбаса да өкмөт башчысын сөз жок жибере турган. Темир Сариевге окшогон премьер-министрлер Матраимовдун атасына куран окутуп, улуттук ондарды өткөрүп жатканы үчүн рахматын айтып кетчү. Атамбаев Матраимовдун атасына куран окутканды жаңы көргөнсүп, аябай жарылды. Ичтеги бугун Матраимовдон чыгарды. Өтө жеңил адам экенин эл сезди, билишибизче Матраимовдун жубайы Атамбаевдин кызына машина токтой турган ордун бербей койгон үчүн Матраимов Сапар Исаков тарабынан куугунтукталып кызматынан кеткен. Бирок сот тарабынан ал дайыны жок куугунтукталганы далилденди. Эми Алмазбек Шаршенович өчтү каяктан табарын издеп жүргөндөй.  

Негизи, Атамбаев союлун көтөрө чаап, чиркөөнүн коңгуроосун каккандай элди ызы-чуу кылууга катуу аракеттенип жатат. Атамбаев деле президент катары эл башы болгон. Ызы-чуу эмне экенин барыбыздан жакшы түшүнөт. Матраимов эми Атамбаевден кечке эле сокку жей бербей чокморун же камчысын куруна кыпчый турган убак келди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости